Бүгүн, 10-февралда саат 07:00дөн баштап Бишкек—Ош унаа жолунун 272-чакырымында жайгашкан «Чычкан» стационардык постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул чечимди Жалал-Абад ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тыгындарды алдын алуу максатында кабыл алган.
Токтогул районунун аймагында кардын калыңдыгы 25-30 см жетет. Буга байланыштуу Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында карды тазалоо иштери жүрүп жатат.