Садыр Жапаровдун эжесине кайра издөө жарыяланды

Автор -
218

Саясатчы Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарова эл аралык издөөгө берилген. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын билдиришти.

2010-жылы 13-апрелде Башкы прокуратурага Болот Байкожоев аттуу жаран жана башка жарандар «Инвестбанк «Ысык-Көл» ААКсын экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев башында турган бир нече адамдар тобу рейдерлик менен басып алганын айтып арыз менен кайрылышкан.

«Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс боюнча) 183-беренеси (легалдаштыруу, арам акчаны адалдоо) менен иш козголуп, анда Максим Бакиев достору Алексей Ким, Михаил Надель (учурда эл аралык издөөдө) жана башкалардын жардамы менен «Инвестбанк «Ысык-Көл» банкынын акциясынын ээлеринин бири Н.Т. аттуу жаранга кысым көрсөтүп, 2007-жылы 30-майда банктын акциясын сатууга мажбурлашканы аныкталган. Андан кийин Бакиев банктын мурунку кызматкери Райкүл Жапарованын жардамы менен банкты басып алган»,-деп айтылат маалыматта. 

2007-жылы 10-августта директорлордун жаңы кеңеши дайындалып, Инвестбанктын башкаруусунун жетекчиси Райкүл Жапарова болгон.

«Иликтөө жыйынтыкталган соң аталган кылмыш иши Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөн. 2014-жылы 22-октябрда райондук сот тарабынан Жапарова 30-, 183-беренелер (кылмышка шериктеш, легалдаштыруу, арам акчаны адалдоо) менен 7 жылга кесилген. 2015-жылы 3-апрелде Бишкек шаардык сотунун өкүмү менен 221-берене (коммерциялык жана башка уюм кызматкерлеринин кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуу), 166-берене (алдамчылык) боюнча жаңы айыптар тагылган. Жалпы жонунан Жапарова 10 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланып, 3 жыл бою банк жаатында ишмердүүлүк жүргүзбөө чечими чыккан.

1966-жылы туулган Жапарова учурда эл аралык издөөгө берилген. Анын кайда экендигин аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө», — деп билдирет мекеме.