Кытайдын Үрүмчү шаарынан Алматы аркылуу келген кыргыз студенттер карантинде болушат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Эскерте кетсек, бүгүн, 13-февралда Казакстан учак менен Кытайдан өзүнүн 171 жаранын жана 40 кыргыз жаранын алып келген.
«Бишкектен атайы жөнөтүлгөн автобус студенттерди мекенине алып келди. Тепловизор менен текшерген соң, улан-кыздар чек арадан өтүштү. Учурда бардык студенттердин абалы туруктуу. КР Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыккан алгоритмге ылайык, Кытайдан келген жарандар карантинде болуп туруу үчүн убактылуу байкоочу жайларга жайгаштырылды», -деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кыргыз студенттери Үрүмчү шаарында жайгашып, чек ара жабылганынан байланыштуу мекенине келе албай жүрүшкөн.