UFC уюму буга чейин UFC 247 турнирине катышкан бардык мушкерлерди убактылуу мушташтан четтеткен. Алардын арасында чемпион Валентина Шевченко дагы бар.
UFC уюму бул чечим боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек. Валентина Шевченко социалдык тармактарда активдүү болсо дагы бул чечим боюнча үн ката элек.
UFC’нин ар бир турниринен кийин бардык мушкерлер медициналык жүйөө менен четтетүү алышат. Бул стандарттуу процедура. Бул турнирге катышкан ар бир мушкерди беттештен кийин дарыгерлер карап, канча бир убакытка турнирлерге катышпай туруусун айтышат.
Маалыматка ылайык, 9-февралда АКШнын Хьюстон шаарында UFC 247 турнири болуп өткөн. Бул турнирде кыздар арасындагы негизги беттеште Валентина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагянды техникалык нокаут менен жеңип алган. Бул беттештен кийин Валентина Шевченко UFC’ден жарым жылга, тагыраагы, 7-августка чейин убактылуу мелдештен четтетилген.