Diamond Princess лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирус табылды

Автор -

Япониянын Diamond Princess лайнеринде коронавирусту жаңы жуктуруп алгандардын арасында Кыргызстандын жараны да бар. Бул тууралуу World of Cruising журналы билдирди.

Медицина кызматкерлери круиздик лайнердин 67 жүргүнчүсү COVID-19 коронавирусун жаңы жуктуруп алганын катташты. Учурда кеме Япониянын Йокогама портунда карантинде турат. Буга чейин 19-февралда саат 7:00дө кемеден карантин режимин алып коюу пландалып жаткан.

Япониянын Саламаттык сактоо министрлиги 15-февраль күнү вирусту жаңы жуктуруп алган 67 адамдын жарандыгын жарыялады.

«Министрликтен билдиришкендей, жаңы жуктургандар Австралиянын (5), Канаданын (3), Кытайдын (3), Германиянын (2), Гонконгдун (1), Кыргызстандын (1), Индиянын (2), Япониянын (27), Филиппиндин (17), Тайвандын (1), АКШнын (5) жарандары», — деп билдирди Princess Cruises круиздик компаниясынын өкүлү.

Кеме 5-февралдан бери Йокогамада  эки жумалык карантинде турат. Акыркы маалыматтар боюнча, лайнерде оору жуктургандардын жалпы саны 450 адамдан ашты. Бардыгы кемеде 3 миң 400 адам бар.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү