Башкы прокуратура: Отуздан ашык прокурор жаза алды

Автор -

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча отуздан ашык прокурор жазага тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

«2019-жылдын жыйынтыгында отуздан ашык прокуратуранын кызматкерлери тартип бузгандыгы аныкталып, жазага тартылды. Тиешелүү буйрукка башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кол койду. Ошондой эле облустук прокурорлорго, Ош, Бишкек шаарындагы 24 прокурорго сөгүш берилип, 11 кызматкер эскертүү алды. Чүй облусундагы Жайыл районунун прокурору кызмат ордунан төмөндөтүлдү», — деп жазылат маалыматта.

Бөлүшүү