ТИМ: Коронавирус жуктуруп алууга шектелген кыргыз жаранынын абалы жакшы

Автор -
257

«Diamond Princess» круиздик лайнеринде коронавирус жуктуруп алууга шектелип жаткан кыргыз жаранынын абалы жакшы. Бул туурасында Кыргызстандын Япониядагы элчилигине таянуу менен ТИМ билдирүү таратты.

Маалыматта айтылгандай, элчилик вирусту жуктуруп алууга шектелип жаткан жаран менен 6-февралдан тарта, үзгүлтүксүз байланышта болуп жатат. Мекемеде  мекендештерге консулдук-укуктук жактан кеңеш берүүчү ыкчам штаб күнү-түнү иш жүргүзүүдө.

«Элчилик Япониянын ТИМ жана Саламаттык сактоо министрлиги менен такай байланышып турат. Япониянын тиешелүү органдарынын маалыматына караганда, кыргыз жараны менен бир каютада жашаган жарандан коронавирус чыккан. Мындан улам, кыргызстандык жаран дагы жуктуруп алышы мүмкүн деген шек жаралган. Бирок КР жаранынын абалы канааттандыраарлык, дене табы көтөрүлгөн эмес, дарылоого муктаж эмес. Бейтап көзөмөл алдында, өзүнүн айтымында, абалы жакшы», -дешет элчиликтен.

Мекемеден билдиришкендей, Японияда жашаган кыргыз жарандарынан Мекенине жөнөтүү боюнча кайрылуу түшө элек.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү