Ысык-Көлдө микроавтобус оодарылып кетип, бир нече адам жабыркады

Автор -

Кечээ, 17-февралда Ысык-Көл районунда унаа кырсык болуп, бир нече адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты, деп жазат Turmush.

Маалыматка караганда, окуя саат 16:45 чамасында Семёновка жана Ананьев айылдарынын ортосунда болгон. Бишкек шаарынын 1954-жылы туулган тургуну К.Д. жүргүнчү ташуучу «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү микроавтобусту башкарып бара жаткан учурда жолго үйүр жылкы чыга калган. Айдоочу алардан качам деп жол жээкке чыгып кетип, бакты сүзүп алган. Анын кесепетинен айдоочу баш болгон бир нече жүргүнчү жаракат алып, Ананьев айылдык ооруканасына жеткирилди. Кырсыкка кабылган унаа Бишкек—Каракол каттамындагы микроавтобус болгон. Ал Бишкектен Караколго бара жаткан.

Жаракат алгандар:
— Айдоочу;
— 1974-жылы туулган жүргүнчү Н.С;
— 1986-жылы туулган жүргүнчү М.Ж;
— 1967-жылы туулган жүргүнчү А.Б.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү