Мартта кандай аба ырайы күтөт?

Автор -

Март айында Кыргызстандын бир катар аймактарында жаан-чачын көп түшсө, дагы бир жерлеринде нормадан ашпай турганы белгилүү болду.

Март айында аба ырайы өзгөрүлмөлүү болуп, кээ бир учурда күн кескин жылып, бир катар аймактарда +23 градуска чейин жетери кабарланды. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирди.

Чүй облусу

Март ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен жогорулап отуруп, +3…+8 градуска чейин жетери айтылды. Күндүз +8…+13кө жетип, ал эми ысыган учурда +17…+22 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрдө абанын күндүзгү температурасы +1…+6га чейин төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөрү кабарланды.

Талас облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6 градустан, +1…+6га чейин, күндүз +7…+12ден тарта +16…+21 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлөт. Кээ бир күндөрү абанын күндүзгү температурасы +1…+6 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн дешти.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…+5тен өйдөлөп отуруп, +5…+10 градуска жетет, күндүз +11…+16дан тарта +18…+23 градуска чейин чыгат. Кээ бир күндөрү абанын күндүзгү температурасы +5…+10 градуска төмөндөшү мүмкүндүгү айтылды.

Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3, +2 градустан +3…+8га жетери айтылды. Ал эми күндүз +4…+9дан тарта +13…18 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт дешти.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору кабарланды.

Ысык-Көл облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан өйдөлөп отуруп 0…+5 градуска жетет. Ал эми күндүз +2…+7 градустан көтөрүлүп, термометр +8…+13тү көрсөтөрү болжолдонууда.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Нарын облусу

Март ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10дөн улам өзгөрүп отуруп, -3… +2 градуска жетери айтылды. Ал эми күндүз 0…+5тен тарта +8…+13 градуска чейин жетет дешти. Кээ бир күндөрдө абанын температурасы түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5 градуска чейин төмөндөй турганы айтылды.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Алай өрөөнү

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -12…-17 градустан -3…-8 градуска чейин, күндүз -1…-6 дан +1…+6 градуска чейин өзгөрүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Суусамыр өрөөнү

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -15…-20дан -2…-7 градуска чейин, күндүз -2…-7ден сууктан +1…+6 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болору айтылды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү