Сасык тумоодон жылына 8,4 миң жараны каза тапкан АКШ 2019-nCoV менен Кытайды талкалоодо

Автор -
263

Жылына грипптен 8 400 адамы каза тапкан АКШ 2019-nCoV коронавирусунун жардамы менен Кытайды талкалап жатат. Пекинге каршы жарыяланган биологиялык согуш  КЭР режимин кулатууну көздөйт.

29-январда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору доктор Тедрос Адханом Гебрейесус 2019-nCoV коронавирусун пандемиялык тобокелдик деп жарыялоого эч кандай негиз жок экенин билдирди. 30-январда ал ушул эле вирусту эл аралык өзгөчө кырдаал деп жарыялады, бирок өлкөлөргө Кытайга боло турган сапарынан баш тартууга эч себеп жок экенин ачыктады. Менин ой-толгоолорумду айтууга уруксат берсеңер. “Эл аралык өзгөчө кырдаал” АКШнын сунушу менен киргизилди, ал эми саякатты токтотуу тууралуу кеңеш боюнча пикирин доктор Тедрос өзү кошту, анткени, ал ызы-чуу салууга эч себеп жок экенин, Кытай илдетти эрте аныктап, анын жайылып кетишинин алдын алуу үчүн кереметтерди жасап жатканын түшүндү.

Чын-чынына келгенде, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жогорку даражалуу адамдары менен катар эле доктор Тедрос өзү дагы Кытайдын вирустун тарап кетишин алдын алуудагы аракеттерин,  Ухань (Хубэй борбордук-чыгыш провинциясынын баш калаасы, калкынын саны 11 миллион адам) менен Кытайдын илдеттин чыгышына болгон реакциясынын ылдамдыгын бир нече ирет мактаган. Акыркы жетишкендик:  2019-nCoV коронавирусунан дарылоо үчүн Кытай 8 күндүн ичинде Уханда 1000 адамга, 1400 медицина кызматкерине ылайыкталган, бюджети АКШнын  43 млн долларына барабар, аянты 25 миң м2 болгон атайын оорукана курду. Оорукана — заманбап медициналык технологиялар менен жабдылган. Дүйнөдөгү эч бир мамлекет мындай жетишкендикти көрсөтө алмак эмес.

Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөтмөлөрүнө карабастан, Вашингтон ошол замат өз жарандарына Кытайга барбоону сунуштады, жана  Пекиндеги элчилигинин жана америкалык консулдуктардагы анча маанилүү эмес кызматкерлерин чакыртып алды, муну Вашингтондун вассалдары туурашты. Муну көргөн Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгү АКШга окшоп, Кытайга каттамдарын токтотушту.

Орусия дагы вирус менен күрөшүүдө Кытайды колдоп, өзүнүн 4200 чакырымдык чек арасын жапты. Бул Кытай менен Орусиянын эпидемияны көзөмөлдөө жана жайылып кетишин токтотуу боюнча макулдашылган аракети болду.

Нью-Йорк Таймс менен ВашПо Кытайды каралап, айыптоо максатында күн сайын ырайымсыз өнөктүк жүргүзүүдө, алар Кытай аталган илдет менен күрөшө албай жатканы тууралуу жалган жана бурмаланган маалыматты таратып жатышат. Иш жүзүндө – баары тескерисинче. Муну АКШ жана Европада эмдөө кеңири тараганына карабастан (АКШнын айрым штаттарында жана Евробиримдик  өлкөлөрүндө эмдөө милдеттүү түрдө жүрөт), батыш өлкөлөрүндө жайылган грипптин эпидемиясы менен салыштырып көрөлү.

Бүтүшүнө дагы көп бар 2019/2020-жылкы грипп сезону бир эле АКШда 8 400дөн ашык адамдын өмүрүн алып кетти. 140 миңден ашык адам ооруканага жаткырылып, 8 миллиондон ашыгы ооруну жуктурду.  АКШнын калкы 330 миллионго жакын адам.  Муну Кытайдын 1,4 миллиард калкы менен салыштырып көргүлө. 3-февралга карата илдетти жугузуп алгандардын саны 21 миңге жетпеген адам болгон, Кытайда каза тапкандардын саны – миңге жакын, Кытайдан тышкары аймактарда – эки адам: бирөө Гонконгдо, башкасы Филиппины өлкөсүндө.

Европанын дагы статистикасын карап көргүлө, силер окшош сандарды табасыңар. Албетте, бул тууралуу эч ким айтпайт. Бул ар жылы боло турган көрүнүш  — батыштын фармацевтикалык өнөр жайы үчүн кирешелердин булагы. Батышта оору – бул бизнес.  Канча көп болсо, ошончо жакшы. Качан сиз «медициналык жарыш жолуна» түшкөндө, андан качып кетүү кыйын болот. «Адистер» сиздин улам башка жагыңызды дарылоо үчүн башка «адиске» жөнөтүүгө себеп таап турушат.  Сабаты жок бейтапта баш ийгенден башка арга калбайт— анткени, кеп анын ден соолугу жана өмүрү тууралуу болуп жатпайбы. Кытайда баары тескерисинче. Кытай системасы баарын өз калкынын саламаттыгы жана бейпилдиги үчүн жасайт.

Ошентсе да, күн сайын Кытайга каршы каралоо кампаниясы күчөп барат. Жакында эле БУУнун Женевадагы кеңсеси Кытайдан кайтып келаткан БУУнун бардык кызматкерлери 14 күн үйлөрүнөн чыкпай иштесин деген буйрук чыгарды, башкача айтканда, карантиндин мөөнөтү бүтмөйүнчө. Ал эми, кытайлык кызматкерлер менен жаңы келишим түзүү убактылуу токтотулду. Мунун баары — Кытайга каршы пропаганда.

Карантиндин такыр кереги жок. Уси шаарынын (Шанхайдан анча алыс эмес, Цзянсу түштүк-чыгыш провинциясы) Илим жана техника башкармалыгындагы кытай биологдору 2019-nCoV вирусун 8−15 мүнөттүн ичинде аныктай турган тест иштеп чыгышты — бул кош бойлуулукту аныктай турган тестке окшош. Бул тест бүт дүйнө жүзүнө  жеткиликтүү. Иш жүзүндө, ал Нью-Йорктон Цюрихтин аэропортуна конгон  учактагы өзүн жаман сезген экипаж мүчөсүн текшерүү үчүн колдонулду. Бир саатка жетпеген убакытта экипаж мүчөсүн үйүнө кое беришти— аныкы кадимки сасык тумоо экен.

Кытайда учурда бул илдет бардык эле коронавирустук оорулар —  SARS (2002—2003-жылдары Кытайды каптаган оор курч респиратордук синдром) жана MERS (жакынкы чыгыштык респиратордук синдром) сыяктуу эле, лабораторияда даярдалып, патенттелгени туурасында илимий маалыматтар топтолуп жатат. Буга Эбола жана ВИЧти кошсок болот.  SARS дагы, 2019-nCoV дагы адам тарабынан гана түзүлүп тим болбостон, кытай этносуна багытталган. Коронавирус тараган 18 мамлекетте бул илдетти жуктургандардын өтө аз санын мына ушуну менен түшүндүрсө болот.

2019-жылдын октябрында АКШдагы Жонс Хопкинс институтунда Билл жана Мелинда Гейтс уюмунун, Дүйнөлүк экономикалык форумдун, ошондой эле британиялык Пёрбрайт (Pirbright Institute) институтунун каржылоосунда дал ушул коронавирусту пайдалануу менен  моделдештирүү жүргөнү таң калычтуу кокустуктай угулат. Изилдөө дүйнөдөгү саналуу лабораториялардын бири болгон, 4-деңгээлдеги биологиялык согуш лабораториясында жүргүзүлгөн (коопсуздуктун эң жогорку деңгээли). (https://www.globalresearch.ca/china-coronavirus-update/5702420).

Батыш үчүн «режимди кыйратуу» артыкчылыгы Орусиядан кескин Кытайга өтүп кеткендей. Эмнеге?  Демек, Кытай барган сайын күчтүү экономикалык державага айланып бара жатат. Жакында ал экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча АКШдан ашып кетет. 2017-жылдын ортосунан тартып, Кытай сатып алуучулук жөндөмдүүлүк теңдештиги боюнча номер биринчи, чындап эле эң маанилүү өлкө болуп калды, анткени бул көрсөткүч эл чындыгында эле өз акчасына сатып ала  аларын көрсөтөт.

Кытайдын валютасы  — юань — резервдик валюта катары бат өнүгүп, акырындык менен АКШ долларын сүрүп чыгарып баратат. Бул ишке ашканда, АКШ доллары сыяктуу эч нерсе менен негизделбеген «жалган» валюталарга каршы чыккан —  кытай юаны сыяктуу бекем экономикага негизделип, алтын менен «жабылган» чыныгы акчалар демилгени өзүнө алат. Анан АКШнын долларлык үстөмдүгү ойрон болуп, АКШ экономикасынын күнү бүтөт.

Бул ишке ашпас үчүн, Вашингтон Кытайды туруксуздаштыруунун ар кандай жолун издеп жатат.  Бул үчүн Гонконг, Тайвань, Кытайдын батышындагы Синьцзян уйгур провинциясын, Тибетти, Трамп көбүртүп жиберген «тарифтик согушту», эми болсо коронавирустун жаңы тутанышын эске салуу жетиштүү. Учурда каза тапкандардын саны  2,1% жакын (ооруну жуктуруп алган учурлардын), бир жума мурун бул көрсөткүч 2,3% болчу.

Бирок бул  — батыштын терс маанайдагы үзгүлтүксүз пропагандасы, сапарларга тыюу салуу, чек араларды жабуу, аба каттамдарын токтотуу жана башкалар, ошондой эле, оорунун өзү, медициналык тейлөө, иш ордунда жоктук, дары-дармектер жана медициналык шаймандар, ошондой эле, Шанхай фондулук биржасындагы орточо 8% төмөндөө — Кытай үчүн олуттуу экономикалык чыгымдарды алып келет. Ушунчалык олуттуу деңиз, жакында эле  Кытайдын Улуттук банкы өлкө экономикасына 1,2 млрд юань (174 млн долларга жакын) акча салды.

Бул жаңы  2019-nCoV коронавирусу жөн гана сыноо болушу мүмкүн. Элестетсеңиз, Кытайдын калкы коронавирустун өлүм деңгээли 10 пайыздан 20 пайызга чейин, же андан да өйдө болгон мындан да күчтүү мутациясын жугузду дейли. Бул чыныгы башаламандыкты пайда кылышы мүмкүн. Бирок бул күчтүү түрү башкарууга оңой эмес болуп чыгышы мүмкүн, болбосо, бир гана кытайларга эмес, европеоид расасына да тарап кетиши ыктымал. Башкача айтканда, баш кесерде массалык жан кыюу жасап алуу коркунучу бар.

1918-жылдагы, тарыхта эң кандуу катары эсте калган испан гриппинин пандемиясын эстесеңер,анда дүйнө жүзү боюнча 500 миллионго жакын адам — ошол кездеги планета калкынын үчтөн бири — илдетти жугузуп алган, оорудан 50 миллиондон кем эмес адам өлгөн, алардын 700 миңи америкалык жарандар болгон.

Кытай мындан да жаман кесепеттерге даярданып жатат, анткени, Вашингтон — өзүнүн 4-деңгээлдеги биологиялык согуш лабораториясынын жардамы менен — тынчып калбайт.  Кытай болсо, чексиз ойлоп табуучулукту, чыр-чатактан алыс болууну жана агрессордон алдыга кетүүнү тандайт.

Автор: Питер Кёниг — Глобалдаштырууну изилдөө борборунун илимий кызматкери (Centre for Research on Globalization [CRG], Монреаль ш., Канада), экономист жана геосаясий аналитик, мурда Дүйнөлүк банкта эмгектенген. АКШнын, Европанын жана Түштүк Американын университеттеринде лекция окуйт. Анын макалалары Global Research, ICH, RT, Sputnik, PressTV, The 4th Media (China), TeleSUR, The Vineyard of The Saker Blog сыяктуу басылмаларда жана башка ресурстарда жарыяланат.