«Жетекчилик менен макулдашкан эмес». Каныбек Осмоналиев партиядан чыгарылат

Автор -

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Каныбек Осмоналиев «Ар-Намыс» партиясынан чыгарылат. Бул тууралуу аталган партиянын лидери Феликс Куловго таянып, 24.kg  жазды.

Куловдун айтымында, Каныбек Осмоналиев жетекчиликке Садыр Жапаровду колдогон митингдин уюштуруучусу болорун эскерткен эмес.

«Мындай иштерди макулдашып жасаш керек. Ал бизге кайрылса, каршы болмок эмеспиз. Бирок бир шарт коймокпуз: бул иш Садыр Жапаровдун абалын оорлотуп ийбегендей болуш керек эле. Камакта отурган адам өзү тарапташтарына кайрылып, нааразычылык чараларын өткөрбөөгө чакырган. Анын үстүнө митингди «Ала-Тоо» аянтында өткөрүүгө эч ким уруксат берген эмес, Максим Горький гүлзарында өткөрүүгө макул болушкан. Бул чоң жаңылыштык болду», — деди Феликс Кулов.

«Ар-Намыстын» лидери Каныбек Осмоналиевди партиядан чыгаруу маселеси жакын арада чечилерин, анда оор деле нерсе жок экенин билдирди.

Бирок Кулов Каныбек Осмоналиевга карата катаал чара колдонулушуна каршы чыгарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, кечээ, 2-мартта баш калаада экс-депутат Садыр Жапаровду колдогон митинг өткөн. Иш-чарада Каныбек Осмоналиев модератор болгон. Митингдин акырында чогулган эл уюштуруучулардын сөзүн укпай, башаламандык башталган. Милиция элди кууп таратып, бир нече адам кармалган. Бүгүн, 3-мартта митингдин уюштуруучуларынын бири, экс-депутат Каныбек Осмоналиев «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» беренеси менен шектелип, УКМКнын тергөө абагына киргизилгени белгилүү болгон.

Бөлүшүү