Кыргызстандык режиссердун «Жөө күлүк» тасмасы «Ника» сыйлыгы үчүн ат салышат

Автор -

Кыргызстандык режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун «Жөө күлүк» көркөм тасмасы «Ника» кино сыйлыгы үчүн ат салышат. Бул тууралуу фильмдин продюсери Алтынай Койчуманова билдирди, деп жазат Sputnik Кыргызстан.

Анын айтымында, кино сыйлыкты салтанаттуу тапшыруу аземи 29-мартта Москва шаарында өтөт.

«Москва шаарында 2-март күнү «Ника» кино сыйлыгынын 2019-жылкы номинанттары аталды. «КМШ жана Балтика боюндагы өлкөлөрдүн мыкты тасмасы» номинациясына Кыргызстандын атынан режиссер Мирлан Абдыкалыковдун «Жөө күлүк» тасмасы көрсөтүлдү», — деди Койчуманова.

Кыргызстандык режиссердун «Жөө күлүк» кино картинасында үй-бүлөнү сактоого жан үрөгөн өспүрүм Жекшендин баяны аркылуу ата-энесиз калып, тагдырдын оор сыноосуна кабылган жаш балдардын көйгөйү көтөрүлөт.

Аталган фильмге Польшадагы эл аралык кинофестивалдын жабылыш салтанатында үч сыйлык тапшырылып, Кытайдын Хайнань аралындагы Санья шаарында өткөн эл аралык кинофестивалга катышкан.

«Ника» кино сыйлыгы 1987-жылы СССРдин кинематографисттери тарабынан түптөлгөн, негиздөөчүсү – Юлий Гусман. Кино сыйлыктын жеңүүчүлөрү Кинематография искусствосу академиясынын мүчөлөрүнүн жашыруун берген добушу аркылуу аныкталат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү