Башкы прокуратура: Митингди тыюу мыйзамсыз жана негизсиз чечим болгон

Автор -

Башкы прокуратура Бишкектин борборунда 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салуу мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейт. Бул тууралуу 9-мартта мекеменин расмий сайтына жарыяланган билдирүүдө айтылат.

Мекеме белгилегендей, Биринчи Май, Ленин жана Октябрь райондук прокуратуралары райондук соттордун митингдерди чектөө тууралуу чечимдерине каршы сунушун берип, шаардык прокуратура мэриянын 4-марттагы токтомунда айтылганарга каршылык билдирди.

Прокуратура жарандардын митинг, жүрүш жана башка иш-чараларды өткөрүү укугун чектөө тууралуу талаптар жана райондук соттор чыгарган чечимдер негизсиз жана жокко чыгарылышы керек деп эсептейт.

Буга чейин жергиликтүү соттор Биринчи Май, Ленин, Октябрь райондук акимчиликтеринин арызынын негизинде расмий эмес иш-чараларды, анын ичинде марштарды, митингдерди өткөрүүгө 1-июлга чейин чектөө киргизген. Мындай чечимдер арыз берген тараптардын коронавирустун жайылышына жана массалык башаламандыкка жол бербөө өтүнүчүнө ылайык кабыл алынганы айтылган.

Бишкек мэри Азиз Суракматов коомчулуктун пикирин эске алып, борбор калаанын айрым райондорунда тынч жыйындарга тыюу салуу чечимине каршы экенин билдирген.

8-мартта Бишкекте аялдардын укугун коргоо маршы кармоолор менен аяктады.