Круиздик кемеде иштеген кыргыз жараны Кыргызстанга келди

Автор -

Япониядагы Diamond Princess кемесинде коронавирус жуктурууга шектелип, дарылануудан өткөн кыргыз жараны өлкөгө кайтып келди. Ал бүгүн, 9-мартта Бишкекке келгенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

«Өлкөгө кайткан мекендешибиз обсервацияга алынып, коронавируска кайрадан анализ тапшырды. Анын абалы канааттандырарлык. Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2-мартта кабыл алган чечимине ылайык, коронавирус катталган өлкөлөрдөн Кыргызстанга келген жарандар 14 күнгө карантинге алынат», дейт мекеменин басма сөз катчысы.

18-февралда Япониядагы Diamond Princess кемесинде коронавирус жуктуруп алгандардын арасында кыргызстандык жаран бар экендигин чет өлкөлүк басылмалар Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянуу менен жазып чыккан эле. Бул маалымат ачыкталган соң, КР Тышкы иштер министрлиги кемеде бир кыргыз жараны бар экенин ырастап, аны менен 6-февралдан бери байланышта болуп жатканын, абалы канааттандырарлык экенин билдирген.

28-февралда тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов круиздик лайнердеги кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алганы аныкталганын жыйында айткан. 1-мартта анын ооруканадан чыкканы, акыркы ирет текшерүүдөн өткөндө таза чыкканы кабарланган.

Ал буга чейинки ЖМКларга берген маегинде коронавирус аныкталбаса дагы, мекенине жакын арада кайтуу ниети жок экенин билдирген эле.