Өлкөдө бала бакчалар убактылуу ишин токтотот

Автор -

Республика боюнча 20-марттан тарта эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин бала бакчалар ишин токтотту. Бул тууралуу Коронавирусту алдын алуу боюнча ыкчам штабдан кабарлашты.

«Республикалык штабдын сунушу менен КР Билим берүү жана илим министрлиги 20-марттан баштап өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын жакшырышына чейин мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин (балдар бакчалары) ишин токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алды», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин коронавирусту алдын алуу максатында мектептер жана ЖОЖдор үч апталык карантинге жабылган эле.