Бишкек жана Ошко 25-марттан тарта өзгөчө абал киргизилет

Автор -
374

Кыргызстанда 25-марттан тарта Бишкек, Ош шаарларына жана 3 районго өзгөчө абал киргизилет. Бул туурасында бүгүн, 24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушканда билдирди.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын жайылуу тенденциясы өсүп жаткандыгына байланыштуу дүйнөдө, ошондой эле биздин өлкөдө түзүлгөн татаал кырдаалды белгиледи.

Буга байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын баса белгиледи.

Президент тиешелүү Жарлыктарга кол коюлуп,  Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн билдирди.

Өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына киргизилет. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактардагы санитардык-карантиндик постторду өтүүдө азык-түлүк жана башка эл керектөөчү товарлар менен оор жүк ташуучу унаалардын логистикасына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи.