Коронавируска каршы күрөшүүдө айрым бизнесмендер жана жарандар жардамды өз алдынча берип жатышат, деп билдирди бүгүн, 26-мартта өтүп жаткан онлайн маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.
Анын айтымында, бардык эле бизнесмендер жана жарандар жардам катары бөлүп жаткан акчаларын Финансы министрлигинин административдик эсебине которуп жаткан жок. Алар жеке каражаттарын өз алдынча бөлүштүрүп жатышат.
Ал эми, атайын эсепке келип түшүп жаткан акча каражаттарынын туура сарпталышын көзөмөлдөө үчүн Байкоочу кеӊеш түзүү пландалууда. Анын курамына Жогорку Кеӊештин депутаттары жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү чакырылат.
«Алар кайда жана канча каражат жумшалганы боюнча жума сайын отчет көрсөтүп турушат. Бүгүнкү күндө бул каражаттардан бир дагы тыйын коротула элек», — деди Э.Асрандиев.
Маалыматка караганда, атайын эсеп КР Финансы министрлигинде жана 2 коммерциялык банкттарда — «РСК» жана «Айылбанкта» ачылган. Бардык келип түшкөн акчалар Финансы министрлигинин эсебинде топтолот. Бүгүн эле республикалык штаб атайын эсепке 35 млн 293 миң 891 сом келип түшкөнүн билдирген.
Администрацияланган эсептин реквизиттери, мобилдик банкинг аркылуу чегерилген акчалардын эсептери КР Каржы министрлигинин www.minfin.kg сайтында жарыяланган.