Коронавирус жуктурган жарандардын бири Россиядан келген

Автор -
417

Бүгүн, 1-апрелде Кыргызстанда коронавирус инфекциясы дагы 4 адамдан аныкталганы белгилүү болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетовдун маалыматына караганда, алардын бири — Россиядан келген жаран. Калган үчөө оорулуулар менен байланышта болуп жуктуруп алышкандар.

Ошону менен 1-апрелге карата: 
Коронавирус жуктурганы аныкталган жарандар менен байланышта болгондордун саны  – 6028 адам. 

Алардын 1 миң 612 жакындары жана үй-бүлөлүк байланыштагы адамдар;
4 416башка байланыштагы адамдар.

Жалпы жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 9128
Бир суткада жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 884
Өлкө боюнча обсервацияда – 1588

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү