Министрлик: Аппаратта жаткан бейтап өз алдынча дем алып калды

Автор -
396

Жасалма дем алдыруу аппаратында жаткан бейтап учурда өз алдынча дем алып калды. Бул туурасында бүгүн, 1-апрелде Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, бейтап жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек, азыр абалы орто-оор.

Министрлик өлкөдө коронавируска чалдыккандар үчүн колдонулуучу 551 жасалма дем алдыруучу аппарат бар экенин билдирди. Ошондой эле, мекеме башка өлкөлөрдөн (РФ, КЭР ж.б.) кошумча жасалма дем алдыруучу аппараттарды алууга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Бүгүн, 1-апрелде Кыргызстанда дагы 4 адам коронавирус инфекциясын жугузуп алганы белгилүү болду.

Бардыгы өлкөдө COVID-2019 инфекциясынан жабыркагандардын саны 111 адамга жетти.

Бөлүшүү