Бишкектеги цехте автоунааларды жана жөө жүргөндөрдү дезинфекциялоочу алгачкы эки автоматташтырылган туннель өндүрүлдү. Бул тууралуу ишкер Жоодар Сайдилканов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, бул жабдык Бишкектеги Covid-19 пандемиясына каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабга акысыз тапшырылат.
«Ошондой эле адамдарды контактсыз түрдө тесттен (анализ Covid-19) өткөрүү үчүн кабиналарды да өндүрө баштаганы турабыз», — деп айтылат билдирүүдө.