Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 2 адам COVID-19 илдетинен айыкты. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, коронавируска чалдыгып, дарыланып жаткан аял жана эркек ооруканадан чыгарылды.
30-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунан 3 жаран коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылганы кабарланган. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус жуктургандар 116 адам болсо, анын бешөө аталган илдетти жеңди.