Коронавирус: 121 адамдын абалы орточо оор

Автор -
320

Бүгүн, 3-апрелде коронавирус жуккан дагы 14 жаңы учур катталды. Бардыгы 130 жарандан илдет табылса, алардын бешөө айыгып чыкты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, учурда 125 адам ооруканада дарыланууда. Алардын төртөө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

121 адамдын абалы орточо оор. Бирөө каза тапты. Бейтаптын буга чейин бир катар өнөкөт оорулары болгон.

«Каза болгон жарандын өлүмүнүн себебин изилдөө үчүн сөөгү паталогоанатомго жөнөтүлдү, ал тийиштүү корутунду берет», — деп билдирди саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү