Өлкө боюнча эреже бузган 94 жаран кармалып, 22 унаа токтотулду

Автор -

Өткөн сутка ичинде өлкө боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 94 жаран кармалып, 22 автоунаа атайын жайларга токтотулду. Бул туурасында ИИМден билдиришти.

Алардын ичинен:
• Бишкек шаары боюнча — 80,
• Ош шаары боюнча — 5,
• Жалал-Абад шаары — 3,
• Сузак районунда — 1,
• Кара-Суу районунда- 5 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ал эми
Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган
жок.

Эскерте кетсек, 25-марттан тарта Бишкек шаары, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу  райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жана  Жалал-Абад шаарынын аймактарында өзгөчө  абал киргизилип, 20:00дөн эртең мененки 7:00гө чейин үйдөн чыгууга тыюу салынган. Ошол күндөн бери жалпысынан алганда өлкө аймагында 2038 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.

Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,  экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилди.

ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так
аткарууга чакырат.

Бөлүшүү