Бүгүнкү күндө COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган дарыгерлерге кенемте төлөп берүү маселеси каралып жатат. Бул туурасында бүгүн, 7-апрелде онлайн брифинг учурунда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
[ads-quote-center cite=’деп билдирди министр.’]«Кенемтенин суммасын комиссия аныктайт – бул бир жолку компенсация, ал эми өлүм учуру катталса, башка кенемте каралат», [/ads-quote-center]Анын айтымында, ушул күндөрү өзгөчө абал учурунда дарыгерлердин макамы тууралуу мыйзам Жогорку Кеӊешке кароого киргизилет жана алар тез арада оӊдоолорду киргизүүгө даяр.
Маалыматка караганда, учурда COVID-19 оорусун жуктурган дарыгерлердин саны 19 адамды түздү. Алардын бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүп, ооруканаларда жайгашты.