Ысык-Көлдө 108 адам үй карантинине жиберилди

Автор -

Ысык-Көл облусунда 108 адам обсервациядан чыгарылып, эки жумалык үй карантинине жиберилди. Бул туурасында облустук ыкчам штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, обсервацияга жаткырылган жүз сегиз адамдын экинчи этаптагы анализдеринен COVID-19 табылган жок.

«Облуста жалпы 195 адам обсервацияга алынган. Учурда 84 адам обсервацияда калууда, ал эми 3 адамдын анализдеринен COVID-19 табылгандыгына байланыштуу инфекциялык бөлүмдөрдүн изоляторунда жатат», -деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунда коронавирус жуктурган 3 учур катталган. Алардын экөө Түп районунан, бирөө — Каракол шаарынан. Үчөө тең дааваттан келгендер.