Кечээ, 7-апрелде Ошто бир жаран коронавирус жуктуруп алганын жашырып, эл менен катышуусун улантканы, мындан улам ал айыгып ооруканадан чыккандан кийин 5 жылга чейин эркинен ажыратылары кабарланган.
Ош ОИИБнын маалымат кызматы бул окуя боюнча түшүндүрмө беришти. Маалыматка караганда, башкаларга илдет жуктурууга айыпталып жаткан кишинин баласы чет өлкөдөн келип, андан коронавирус аныкталган. Мындан улам вируска чалдыккан жарандын атасы үй карантинине жөнөтүлгөн.
«Бирок ал 14 күндүк үй шартындагы карантиндин эрежелерин бузуп, туугандары менен катташып жүргөн. Качан гана дене табы көтөрүлгөндө ооруканага кайрылып, коронавируска тест тапшырып, жыйынтыгы оң деп чыккан. Вирус аныкталган бейтап менен катташып, байланышта болду делинген кесиптештери, достору, туугандарынын ичинен 9 кишинин анализи оң деп чыккан. Учурда бейтап менен байланышта болду делинген жарандардын баары изоляцияга алынган», — деди мекеменин басма сөз катчысы.