«Ата Мекен» партиясынын лидери жана саясатчы Өмүрбек Текебаев түрмөдө өзүнүн мобилдик телефонун каякка катып жүргөнүн айтып берди. Ал «Жалбырак» телеканалына маек курган.
Эске сала кетсек, Текебаев 2017-жылдын февралында «орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган» деген шек менен камакка алынган. Кийин 8,5 жылга кесилип, ошол эле жылы октябрда Бишкектеги №47 абакка которулган. Учурда анын иши каралып жатат.
Текебаев ал түрмөдө отурганда УКМК ошол кездеги төрагасы Сегизбаев анын үстүнөн катуу көзөмөлдөгөнүн эскерди.
«Мени телефон менен сүйлөшпөсүн деп, камеранын шыбына видеокамера коюлуп, ар бир квадрат сантиметрди көзөмөлгө алып турду. Жумасына 3-4 жолу текшерип турушчу», -деди ал.
Кийин жактоочулары анын камерасындагы видеокөзөмөлдү алдырууга жетишкен. Бирок анын телефон менен сүйлөшүп жатканын билишкен.
«7-8 кызматкер келип камерамды текшерип чыкчу. Бирок табышчу эмес. Айласы кеткенде начальниги «байке, бизди кыйнабаңыз, балдардын убалына калбаңыз, Сегизбаев бизге күнүгө сиздин телефон чалууларыңыздын тизмесин жөнөтүп жатат, биз телефонду таппасак, жумуштан кетебиз» деп суранат эле. Мен кээде аяп кеткеним менен өзүмдү кармачумун», — деди Текебаев.
Ал бир эмес, эки телефонду каякка катып жүргөнүн маек учурунда көрсөтүп берген. Айтымында, кез-кезде жүрөгү кармап калганда, корвалол иччү. Аппарат дал ошол дарынын кутусунда, инструкция жазылган кагазда оролуу болгон.
«Алар жарым саат-бир саат издегенде, улам дарыдан ичип коюп отурчумун. Дары начальниктин алдында турат, алар болсо муну табышпайт. Анткени алар стандарттуу ойлонот. Өздөрү мурун көрүп жүргөн чоң телефон, же смартфон издешти. Аларга «мындай кичинекей телефон болот, ошондойду издегиле» деп эч ким көрсөтмө берген эмес. Биздин өкмөт, биздин бизнес структуралардын жетекчилери да креативдүү ой жүгүртүп, стандарттуу эмес чечимдерди кабыл ала билиши керек», -деди Текебаев.