Ысык-Көл облусунда коронавируска чалдыккан акыркы бейтап айыкты

Автор -

Бүгүн, 5-майда, Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарынан COVID-19 илдети менен ооруган акыркы бейтап айыгып, ооруканадан чыкты. Бул маалымат облустук ыкчам штабынын отурумунда айтылды.

Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл облусу боюнча 10 адам коронавирус жуктурганы айтылган. Алардын баары айыгып, үй карантинине жиберилген.

Сутка ичинде Республика боюнча 25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 600 бейтап сакайган.

Кыргызстанда жалпысынан 843 киши аталган ооруга кабылган. Каза тапкандардын саны — 11.

Бөлүшүү