14-майда Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан Бишкекке 59 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Кыргызстандыктар Condor Airlines германиялык авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен учуп келишти.
«Бул каттам Sea Chefs круиздик лайнерде иштеген 48 кыргыз жаранын, ошондой эле буга чейин авиабилет сатып алган Германиядагы 11 кыргыз жаранын мекенине кайтаруу максатында TUI CRUISES компаниясы тарабынан уюштурулган. Азыркы учурда бардык келген жарандар бекитилген тартипте обсервацияга көзөмөлгө жайгаштырылды», -деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле «Манас» эл аралык аэропорту «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек чартердик каттамын тосуп алды. Аны менен 147 кыргыз жараны өлкөгө кайтарылды.
«Дүйнө жүзүндө COVID-19 пандемиясынан улам жүргүнчү ташыган эл аралык авиабилдирүүнүн токтотулушуна байланыштуу, чет мамлекеттердеги мекендештерди кайтаруу боюнча президенттин тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлгөн иш улантылууда», — дешет министрликтен.
Кечээ, 14-майда Кувейт менен Катардан 107, Япония менен Кореядан 43 кыргыз жараны алынып келинген.