Соль-Илецк шаарынан келгендерди обсервациядан чыгарууга кечээ чыккан чыр-чатак себеп болгон жок. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, Соль-Илецктен келип жаткандарды ташуу учурунда вирустун жайылышынын тобокелдиги жогору болгондугуна байланыштуу кечээ, 18-майда Республикалык штаб тарабынан алардан кошумча ПЧР-изилдөөлөрдү өткөрүү чечими кабыл алынган. Ошол тесттин жыйынтыгы менен айрымдарын кое берүү чечими чыккан.
«Алгоритмге ылайык, Республикалык штаб ооруп жаткандар менен байланышта болгон 19 жаранды обсервацияда калтыруу чечимин чыгардык. Ал эми, кайталоо анализи терс жыйынтык берген жана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып чыккан жарандар үй карантинине чыгарылды», — деди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Айтымында, бул жарандарга анкета толтурулуп, үй карантинин сактоо милдеттенмесине кол коюшту, ошондой эле кайсы жерде жүргөндүгүн көзөмөлдөө үчүн мобилдик тиркеме орнотулду. Бардык маалыматтар жер-жерлердеги медициналык мекемелерге жана ички иштер башкармалыгына жиберилди.
«Бул жарандарыбызды ызы-чуудан кийин үй карантинине кое берди деген жаңылыш пикир. Бардык жарандарга, кийинки келе тургандарына дагы, бекитилген алгоритм менен иш алып барылат. Ызы-чуу баштап койсок боло берет деген туура эмес. Бул талаптар баарына бирдей», -деди аткаминер.
Кечээ күнү Бишкек жана Чүй облусунда жашаган жарандар үй карантинине чыгарылды. Бүгүнтөн баштап калган жарандар атайын унаа менен башка региондорго жөнөтүлүшөт.