«Алтын тамга»: ар бир бүтүрүүчүгө жеке коргонуучу каражаттар берилет

Автор -

«Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздаган талаптарды сактоо менен 12-июндан 19-июнга чейин реалдуу режимде өтөт жана окуучулар жыйынтыкты дароо колуна алышат.

Билим берүү жана илим министрлиги сынакты өткөрүүнүн бир нече варианттарын даярдап, билим берүү системасындагы практиктер, эксперттер менен талкуулагандан кийин ушундай чечим чыгарган.

Сынак учурунда ар бир бүтүрүүчүгѳ ѳзүнчѳ планшет берилет. Бүтүрүүчү тѳрт предметтен реалдуу режимде тест тапшырат. Жалпы жыйынтык менен бүтүрүүчү да, кабыл алып жаткан эксперттер да дароо таанышышат. Мындай форматта ѳткѳрүү үчүн онлайн программа, тиешелүү техникалык жабдыктар, тесттер даяр.

«Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы облустук борборлордо (Бишкек, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын, Каракол) ѳткѳрүлѳт, имараттар дезинфекцияланат, социалдык дистанция сакталат жана ар бир бүтүрүүчү жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалат.