Бүгүн, 20-майга карата Ысык-Көл облусунда коронавирустун жаңы 1 учуру катталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Turmush басылмасынын маалыматына караганда, коронавирус аныкталган бейтап — Балыкчы шаарынын 1993-жылы туулган тургуну. Ал 12-мартта Россиянын Москва шаарына учуп кеткен. Москвадан Самара шаарына барып, жеңил унаа алып, аны тралга жүктөп, Казакстан аркылуу 4-май күнү Кыргызстанга алып келген. Андан чек арадагы посттон ПЧР анализ жана экспресс-тест алынганда коронавирус чыккан эмес.
5-майда саат болжол менен саат 03:00 чамасында Бишкек шаарынан өзү алып келген «Тойота Камри» унаасын башкарып, жалгыз Балыкчы шаарына барган. Ошондон бери үй карантининде болгон. 14-майда кайталанып алынган ПЧР анализинин жыйынтыгынан коронавирус аныкталган.
Бейтап үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы. Ал атасы, апасы, жубайы жана 2019-жылы туулган кызы менен байланышта болгону белгилүү болду.
Ушуну менен Ысык-Көл облусунда коронавирус жуктурган адамдардын саны 14 болду:
- Каракол — 7;
- Балыкчы -2;
- Түп району -2;
- Ак-Суу району -1;
- Жети-Өгүз району -2.
Алардын ичинен 10 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды.
Бүгүн, 20-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1270 адамга жетти.