Быйыл аянтта Орозо айт намазы окулбайт

Автор -
262
Сүрөт: saat.kg

Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Бул чечим өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен кабыл алынган.

«Элибиздин саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле, 2020-жылдын 24-майындагы Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбастыгын маалымдайбыз», -деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жарандарды туура түшүнүү менен кабыл алып, Орозо айт майрамын үй-бүлөсү менен үйүндө майрамдоого чакырат.

Маалыматка караганда, 24-май күнү таңкы саат 07:00дон 07:30га чейин «КТРК» телеканалынан Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин Орозо айтка карата куттуктоосу жана кайрылуусу болот.

Бөлүшүү