Онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө 14 адамдан коронавирус табылды

Автор -

Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө 120 адам текшерилип, алардын он төртүнөн коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Коронавирус инфекциясын 1 дарыгер, 2 медайым менен борбордо дарыланып жаткан 3 эне жана 8 бала жуктуруп алышкан.

«Инфекциянын булагы алдын-ала аныкталып, эпидемияга каршы чаралар жүргүзүлдү. Вирус жуктургандар үчүн обсерватор жана балдарды дарылоо үчүн бөлүм ачылды. Балдар атайын дарылоо курсунан өтүшөт. Ал эми, COVID-19 тастыкталган медкызматкерлер дарылануу үчүн стационарга жайгаштырылат», — деди аткаминер.

Бөлүшүү