Factchek.kg: Зыяратчылар жана коронавирус. Өкмөт ишинин натыйжасыздыгынын себептери

Автор -

Кыргызстанда коронавирус илдети алгач Сауд Арабиясынан келген зыяратчылардан катталган.  Кичи ажылыктан кайткан кыргызстандыктарга карата өкмөттүн илдетти алдын алуу иш-чаралары эмне себептен натыйжасыз болгон?

Бул суроого Factcheck.kg порталы ачык булактардан алынган маалыматтарга таянып, жооп издеди. Төмөндө материалды өзгөртүүсүз беребиз.

«Кабатыр болбоңуздар, атайын алгоритм иштелип чыкты. Ар бир адам тиешелүү шарттарды аткаруусу зарыл. Тестирлөө жана дарылоо акысыз»,
мурунку саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.

Кичи ажылыкка зыяратчылар кантип барган? 

Интернеттен туристтик компаниялардын түрдүү жарнамаларын тапса болот. Кыргызстандан Сауд Арабиясына жетүү үчүн түз авиарейс болбогондуктан, Бишкек-Стамбул (Түркия), Бишкек-Дубай (БАЭ), Бишкек- Шаржы (БАЭ) жана Ош-Кувейт каттамдары бар. Демек, Кыргызстанга кайтуу дал ушул каттамдар аркылуу ишке ашат.

27-февралда Сауд Арабиясы виза берүүнүн токтоткон. Бирок, өлкөдөгү зыяратчылар саякатын уланта берген. Социалдык тармактарга көз чаптырсак, акыркы ирет зыяратчылар тобу кичи ажылыкка 25-февралда жөнөтүлгөн. Ал эми 27-февралда алар Медина шаарында болгон.

https://lh6.googleusercontent.com/ph7N723PZ_HUop8l0FAYXVQHGmDqwfaXcZL0WQDklChB-ivXP2ufync_wH3j7dZO6v5NNquPzJrQglF-lS_RN43L3csViE4p7vF95hYW4cbnbulnNHBHBB8fLIz0si9nUk4ZMqTb

Жыйынтык: Сауд Арабиясында болууда зыяратчылар талаптарды бузган эмес. 

Саламаттык сактоо министрлигинин илдетти алдын алуу боюнча иш-чаралары

Пандемия башталган учурда Саламаттык сактоо министрлиги өкмөт менен бирге COVID-19 вирусун алдын алуу боюнча алгоритм иштеп чыкканын айткан. Ага ылайык, вирус катталган өлкөлөр 3 категорияга бөлүнгөн. Бул тууралуу убагында мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова маалымдаган:

«Дүйнө жүзүндө 50дөн ашун өлкөдө коронавирус катталды, анын ичинен беш өлкөдө илдет катталган учурдун саны 100дөн 1000ге чейин жетүүдө. Эгерде 10 дон кем учур катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга келе турган болсо, обсервацияда 3 күн болушат».

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий документине ылайык, үчүнчү категориядагы өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга эч тоскоолдуксуз келе алат, бирок медициналык кызматкерлер менен байланышта болуусу зарыл. Белгилей кетчү жагдай, расмий документте 3 күндүк обсервация тууралуу сөз болгон эмес.

https://lh3.googleusercontent.com/iaRo0_z83Q-HdQUQ-tG6A1QSVaUUYco_kU6UfnGQnpZuFVDul5fbYSikxwNDhhBuRi-I117szpCjRBQlZ4-_vNSfP4Nln3kFDDKxyFKceJYgWcPVIbGDoW26SsS3lgAqZib4eIXt

Жогоруда айтылган үч категориядагы өлкөлөрдүн тизмеги март айында эки гана жолу, 3 жана 11-мартта өзгөртүлгөн, документ 14-мартта күчүнө кирген.

3-марттан 14-мартка чейин Кувейт жана Бириккен Араб Эмираттары (зыяратчылар кайтып келген өлкөлөр) 3-категорияга кирген. Ал эми Түркия 3-мартта да, 14-мартта да дээрлик тизмеде болгон эмес.

https://lh6.googleusercontent.com/OM_NUhZXHjyju1ThdV86np4qsCFy2f3w0h1pdn5EM8kp7tIeXEddsC-X-bMBStcVW7HlcFeVEqsPaeWP1XLFGsxkyvy232OdoU4_pZmP5FBQBBoO37xq5TwdmbCuhkrOR-OS36UZ

https://lh5.googleusercontent.com/jn81N8VzjUFAIe5Hrul3MZ6GyYB79S5v9pNhohL_0Mg-5F4KRepEcnLs-hOzC2Ue44o8ORjjLy6aFxM7pmFbJ5sfL7vtw3Ddsm7-nzEHQuakVQKjhiBQGq_15HSdJr-SISRDMe_Z

Таблицада көрсөтүлгөндөй, «100 учур» белгиси категорияларга бөлүштүрүүнүн критерийи болгон эмес. Критерийлер кийин гана өзгөрдү.

Factcheck.kg 12- жана 13-мартта Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарынан кайтып келген жарандардын арасынан өз алдынча сурамжылоо өткөрдү. Жарандардын айтымында, өлкөгө кайтып келген маалда,  алардан анкета алынып, температурасы өлчөнгөн, айрымдарынан мурундан мазок алынган.  Өкмөт өкүлдөрү алар менен алгачкы жолу 16-марттан тарта гана, кайтып келгенден 4-5 күн өткөн соң байланышкан.

Алгоритмди ким иштеп чыкты?

Илдет табылган өлкөлөрдү категорияга бөлүү алгоритми Кыргызстанда иштелип чыккан эмес. 2020-жылдын 17-февралында Казакстан коронавирус менен күрөшүү чаралары тууралуу жарыялаган. Ага ылайык, өлкөлөр 3 категорияга бөлүнгөн (1а, 1б, 2 жана 3). Биринчи категорияга Кытай, экинчисине — 10 дон ашуун учур катталган өлкөлөр, ал эми үчүнчү топко 10 дон кем илдет табылган өлкөлөр киргизилген.

Кыргызстандан айырмаланып, бул өлкөлөрдүн тизмеги 5 ирет:  4-мартта,  7-мартта, 9-мартта, 14-мартта жана 16-мартта өзгөргөн.

Тизмек өзгөргөн сайын чет жактан келген жарандар үчүн иштелип чыккан инструкциялар жана алгоритмдер да өзгөрүлүп турган. Ал эми 22-мартта, өлкөдө өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу, Казакстандын башкы санитардык дарыгери атайын инструкцияларды камтыган документти иштеп чыккан.

Дал ушундай алгоритм 27-февралда Өзбекстанда кабыл алынып, 1-мартта ишке кирген.

Ал эми Кыргызстанда 24- февралда кабыл алынып, 1-мартта ишке кирген.

«Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус боюнча дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун клиникалык колдонмолоруна ылайык иштелип чыккан аракеттердин алгоритмине өзгөртүү киргизүү чечимин кабыл алды», —өкмөттүн билдирүүсүнөн.

Мындан улам, аталган алгоритм Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу менен киргизилгени аныкталды.

Расмий билдирүүлөр

Аткаминерлер Сауд Арабиясынан келген зыяратчылар тууралуу вирус катталганга чейин жана андан соң билдирүүлөрдү жасаган.

13-мартта Тышкы иштер министрлиги туристтердин Сауд Арабиясынан кайтуудагы кыйынчылыктары тууралуу кабарлаган.  Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бактияр Шакиров Сауд Арабиясынан зыяратчылардын бир бөлүгү кыйынчылыктарга карабай, кайтып келгени жөнүндө билдирүү жасаган.

«Сүйлөшүүлөрдөн соң 651 зыяратчыны кайтарып алдык, үчөө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алар улгайган куракта, өздөрүн жаман сезүүдө».

Шакиров зыяратчылардын тиешелүү текшерүүдөн өткөнүн жана үй карантинине жөнөтүлгөнүн кошумчалаган.

18-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев илдеттин алгачкы үч учуру тууралуу маалымдаган.

«Үч учур тастыкталды, илдетке кабылгандар — 12 мартта Сауд Арабиясынан кайтып келгендер. Вирустун өлкөгө келүү мүмкүндүгү күн сайын күч алып бараткан. Биз ал менен күрөшүүгө даярдык көргөнбүз. Рейстеги бардык 135 жүргүнчү изоляцияга алынды».

19-мартта Саламаттык сактоо министрлигинин жетектеп турган Космосбек Чолпонбаев коронавируска чалдыккандардын рейси тууралуу кененирээк маалымат берген:

«Кыргызстанда коронавирустун алгачкы үч учуру катталды. Бейтаптар изоляцияга алынып, дарыланууда. Шаржыдан кайтып келген 144 адам аныкталды. 142 адам изоляцияга, карантинге алынды. Ал эми экөө Өзбекстанга кетти, алар тууралуу  маалымдадык. Бардыгы 142 анализ алынып, болгону үчөөнөн илдет табылды». 

30-апрелде ЖК депутаты Ирина Карамушкина саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго 12-мартта кайткан жүргүнчүлөр эмне себептен обсервацияга алынбаганы тууралуу суроо узаткан. Абдикаримов ошол мезгилде Сауд Арабиясынан келген жарандардын сөзсүз текшерилүүсү керек эместигин айткан.

Демек, Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн билдирүүсү Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына карама каршы келет.  

Мындан тышкары, Бириккен Араб Эмираттарынан кайткан рейс сөзсүз түрдө текшерилиши керек эле.

Ошентип, Саламаттык сакттоо министринин депутатка берген жообу жалган болуп чыкты. 

Зыяратчылардын кайтып келиши

Сауд Арабиясында коронавирус алгач 2-мартта табылган.

Жогоруда белгиленгендей, Сауд Арабиясынан Кыргызстанга түз рейстер жок. Демек, зыяратчылар транзит рейстери менен Кувейт, Бириккен Араб Эмираттарынын эки шаары жана Стамбул аркылуу кайтып келет.

2-марттан 24-мартка чейин аталган 4 каттам менен Кыргызстанга 68 рейс келген.

Учакка эң көп дегенде 180 жүргүнчү батат деп эсептесек, жалпы жүргүнчүлөрдүн саны 12 миңден ашуун болот. Алардын ар бири зыяратчылар менен контактта болуусу толук ыктымал.

Шаржыдан рейс 12-мартта кечки саат 20:57 де кайтып келген. 12-марттан 13үнө караган түнү зыяратчылар 5 рейс менен учуп келген, алардын бири Сауд Арабиясынан түз келген.  Jazeera авиакомпаниясынын учагы, Кувейттен Жида шаарына токтоп, Кыргызстандын жарандарын алып келген.

https://lh5.googleusercontent.com/3GEmGkDsN1NjdM6wS9dSKjES6gM8iJKvc_C4PLsyfJGXuFIAZ9DS1XZadzubkWhlKKlkGx-ybK67VCZRh292MmPLh8-qLVBzmvdZPFVXvofIaXTgguyGDMrUEC14lD9LbTylfZOj

Ар бир учакта эң көп дегенде 180 жүргүнчү болгон деп эсептесек, 5 рейстин жүргүнчүлөрүнүн саны эле 900дү түзүп калат. Бул деген убагында Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бактияр Шакиров  айтып кеткен 671 жүргүнчүдөн кыйла көп. Ага ишенсек, кайтып келгендердин бардыгы текшерүүдөн өтүп, үй карантинине алынган.

Антсе да, биз ачык булактардан Шакировдун сөзүн тастыктоочу маалыматты издеп тапкан жокпуз.

Текшерүүлөр жана үй карантини 

Зыяратчылардан илдет аныкталган соң, алар үй карантинин сактабаганы ачыкталган. Айрымдары кайтып келген соң, ажы той өткөрүүгө да жетишкен. Мисалы, Баткенде өткөрүлгөн тойго 230 адам чогулганы белгилүү болгон. 16-мартта гана, бейтаптын температурасы көтөрүлгөн учурда, өкмөт тарабынан тиешелүү реакция болуп, 18-мартта алгачкы учур жарыяланган.

Мындан тышкары, Кыргызстанда коронавирус табылганына карабай, үчүнчү категориядан келген жарандар үй карантининин талаптарын аткарбаганы белгилүү. Мисалы, 19-мартта Сауд Арабиясынан келген зыяратчы 21-мартта ажы той өткөргөнгө жетишкен.

Үчүнчү категориядагы өлкөдөн кайтып келген жаран менен 5 күндөн соң гана байланышканы да бизге өздүк булактардан маалым болду.

Башка мамлекеттердеги иш-чаралар

Өзбекстанда зыяратчылардын биринен алгачкы учур катталган соң, өзбек өкмөтү өз жарандарын дароо Сауд Арабиясынан алып чыкканы маалым. 9-мартта алгачкы рейс менен 244 жаран өлкөгө кайтарылган.

https://lh5.googleusercontent.com/QfUJxv4EcXw7P1QTdtUxbCFamjQu5xYWfH65VgS-MSMIXwEiRKzFdpsZN1hz56QaYORCrGdDXCt2hOuIBEKyCv2b-T4i7dLe45lH7QqOSN9QYNK9x6zTvdljQ4nECB9T52JiUKey

 Kabar.kg сайтынан алынды

Андан көп өтпөй Uzbekistan Airways авиакомпаниясынын 4 чартердик рейси Жидда шаарынан миңге жакын өзбек жаранын алып келген. Белгилей кетчү жагдай, өзбек авиакомпаниясынын учактары Сауд Арабиясындагы шаарларга вирус табылганга чейин да учуп турган. Бирок, февраль айынын аягында бул каттамдар токтотулган.

«Ажылык кылган 977 жаран Жиддадан Ташкентке 4 рейс аркылуу алынып келди. Бардык жүргүнчүлөр дене табынын скринингин өттү, аларда коронавирус белгилери табылган жок»,
Өзбекстандын саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов.

Ал эми Түркиянын тышкы иштер министри Сулейман Сойлу ажылыктан кайткан түрк жарандарынын арасынан илдетке чалдыккандар табылганы үчүн жана Сауд Арабиясы зыяратчылар коронавируска чалдыкканын кабарлабаганы үчүн нааразычылыгын билдирген.

Жыйынтык:

Бийлик өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнө карабай, иштелип чыккан алгоритмдер оң жыйынтыктарды берген эмес.

  1. Дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдү категорияларга бөлүп, ал боюнча өкмөттүн иш алып баруусу коронавирустун дүйнөдө жайылуу темпине шайкеш келген эмес.

  2. Чиновниктердин билдирүүлөрү 2020-жылдын 2-мартында Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыккан алгоритмге дал келген эмес. Документте үй карантини тууралуу айтылмак тургай, өлкөгө кирген жарандардын эркин жүрүүсүнө жол берилген. Мындан тышкары, алардын абалы телефон аркылуу болсо да, күн сайын текшерилип турган эмес.

  3. Бийлик өкүлдөрүнүн расмий билдирүүлөрүнүн арасынан чындыкка дал келбеген учурлар катталган.

Жыйынтык: Саламаттык сактоо министрлигинин үчүнчү категориядагы өлкөлөргө карата алгоритмдери оң натыйжасын бербестен, өлкөдө COVID-19 вирусунун жайылуусуна шарт түзгөн. 

Бөлүшүү