Депутат Исхак Масалиев мандатын тапшыра турганын айтты

Автор -

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев мандатын тапшырууну чечти. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-майда, парламенттин жыйынында жарыялады.

«5 жарым айдан кийин элдин ишенимине ээ болгон депутаттар ушул жерге келип иштешет. Мени төрт жолу депутаттык даражага жеткирген элиме чексиз ыраазымын. Ушул ишенимдин 90 пайызы Абсамат Масалиевдин аброю болгон деп эсептейм. Бир нече жолу депутат болуп иштеп, Жогорку Кеңешке карата айтылган сын-пикирлерди мынчалык уга элекмин. Ага өзүбүздүн ишмердүүлүгүбүз себепкер.

Конституцияга жазылган нормаларды карасак, биздин өлкө парламенттик-президенттик республика. Бирок эмнегедир парламент жоопкерчиликти мойнуна алгысы келбейт. Эки жыл мурда так ушул трибунадан ЖЭБ ызы-чуулары чыкканда коалицияга өзгөртүү киргизүү сунушун бергем. КСДПны оппозицияга чыгаралы деп айтканбыз. Мындай болгондо бир аз болсо да ишеним пайда болмок. Бирок сунушум колдоо тапкан эмес.

Жогорку Кеңештин төрагасы мага таарынып келет. Мен ачык эле айтайын, төрага, сизге сын-пикирлерди жакшы ниет менен айтчумун. Жогорку Кеңештин мурунку төрагалары ушундай пикирлерди жакшы кабыл алган. Сиз көпчүлүк депутаттарга түз мамиле кылбай, көпчүлүк учурда өкмөткө жактоочу болуп баштадыңыз. Бул сиздин професионалдык жетишпестигиңиз. «Парламент жакпаса кеткиле» деп акыркы айткан сөзүңүздү чоң ката деп эсептейм. Сиздин мүмкүнчүлүгүңүз бар, жашсыз, көп жакшы нерсеге үйрөнсөңүз болот. Эгерде таарынып, чычалап турсаңыз өспөйсүз.

Мыйзам чыгаруу иштерин айтпасам болбойт. 5 депутат декабрда парламентке өтүү үчүн босого чегин 5 пайызга түшүрүүнү, күрөөнүн суммасын төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун алып чыкканбыз. Бирок ал мыйзам долбоору ар кандай шылтоо менен 6 ай кармалып, эки күн мурда комитетте каралып колдоо тапкан жок. Бирок мыйзамдын табияты ушундай ар бир депутат өзү каалагандай добуш берет. Мен 15 жылдан бери депутат болуп иштеп жатам, биринчи жолу ушундай арам жол менен мыйзамды четке какканды көрдүм. Өкмөттөн 3-4 ай корутунду ала албай жүрүп, 2 күндө корутунду алуу ачык эле депутатка жасалган мамиле. Биз дайындаган өкмөт көз карандысыз болуп калды. Спикерибиз айткандай «лапшаны кулактарыбызга  илип, жүрүшөт».

Өткөн апта өкмөттүн отчётун кабыл алдык. Кагазда башка, бирок сыртка чыксак турмуш башкача экен да. Өкмөттүн тоготпогон мамилесин сезип жатам. Өздөрү пландалган иштеринин 88 пайызын аткардык деп бюджеттин киреше бөлүгүн акчасын чогулта албаган өкмөт Жогорку Кеңештен канааттандырарлык деген баага жетти. Бул чоң ката.

Бүгүн биздин өлкө оор абалда. Миңдеген адамдарыбыз келе албай жатат. Жумуш оор, бирок жумушту тездетиш керек. Карантин жок болуп, элибизге эркиндик берип жатабыз. Саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, күзүндө дагы коркунуч бар, ооругандар токтогон жок. Ушул абалда Жогорку Кеңеш ткоронавирус менен күрөшүүнү түздөн-түз мойнуна алыш керек болчу. Биз тапшырма беришибиз керек эле. Биздин алыбыз жетпегени көрүнүп турат. Оор абалга жеткирген бийликтин арасында мен да турам. Мындан улам мен 25-майда депутаттык мандатымды тапшыруу чечимине келдим», — дейт ал.

Жыйында спикер Дастанбек Жумабеков бүгүн Исхак Масалиевдин туулган күнү экенин айтып, аны куттуктады.

«Баарыбыз эл тарабынан шайланып келген депутаттар, эл өкүлдөрүбүз. Алтынчы чакырылыштын ишине эл өзү баа берет. Тарых көрсөтөт»,-деген спикер Масалиевге ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү