Фитнес клубдар менен бассейндердин иштөөсүнө уруксат берилди

Автор -

Бишкек шаарынын мэриясы республикалык штабдын чечиминин негизинде 25-майдан тарта уруксат берилген иш-чаралардын тизмесине спорт залдарды, фитнес клубдарды жана бассейндерди киргизди.

Негизги талап санитардык нормаларды сактоо болуп саналат. Бул — аталган жайларды дезинфекциялоо, администрациянын жана кызматкерлердин беткап жана кол кап кийүүсүн сактоо,  санитардык тазалагычтарды жана антисептиктерди орнотуу, ошондой эле шаймандарды жайгаштырууда аралыкты сактоо.

Ошол эле учурда командалык жана жамааттык спорттун түрлөрүнө иштөөгө тыюу салынат (футбол, күрөш, бокс, баскетбол ж.б.).

Бөлүшүү