ИИМ: Мэрдин кеңешчиси суракка чакырылган эмес

Автор -

ИИМ Бишкек мэринин коомдук иштер боюнча кеңешчиси Гуля Алмамбетованын суракка чакырылганы тууралуу маалыматты төгүндөдү.

Буга чейин интернет-сайттарда Гуля Алмамбетова өткөрмө кагаздарын берүү маселелери боюнча ИИМге чакырылганы жөнүндө маалыматтар тараган.

ИИМдин билдиргенине караганда, өзгөчө абал учурунда Бишкек шаарынын Комендатурасы тарабынан өткөрмө кагаздары берилген фактылар боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш боюнча иликтөө, тактоо багытында ыкчам тергөө иш чаралары жүрүп жатат.

«2020-жылдын 29-апрелинде жогорудагы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында
Бишкек шаарынын мэриясына өткөрмө кагаздарынын берилиши боюнча аларда
болгон маалыматтарды ИИМге берүү боюнча атайын кат жиберилген.

Сотко чейинки өндүрүш учурунда Г. Алмамбетова сотко чейинки өндүрүштүн
күбөсү же башка катышуучусу болуп эсептелбейт. Ушуга байланыштуу Бишкек
шаарынын мэринин коомдук иштер боюнча кеңешчиси Г. Алмамбетова ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылган эмес жана анын бул боюнча билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт», -деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү