Ысык-Көлдө үй карантин шартын бузган 3 жаран обсервацияга алынды

Автор -
@Turmush

Ысык-Көл облусунда үй карантиндин эрежелерин бузгандыгы үчүн үч адам обсервацияга алынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • 1994-ж.т. Соль-Илецктен келген жаран 19-майда үй карантинге алынган. 22-24-майда үй карантин шартын бузуп, Түп айылында бир нече жерге барган.
  • 1993-ж.т. Москвадан келген жаран 22-майда үй карантинге алынган. 24-26-майда Жаңы-Арык айылын кыдырып жүргөн.
  • 1995-ж.т. Санкт-Петербургдан келген жаран 18-майда үй карантинге алынган. 25-26-майда Дархан, Саруу, Кызыл-Суу айылдарына жана Каракол шаарына барып келген.

Учурда үй карантинин бузган бардык жарандар обсервацияга алынды.

Бөлүшүү