Ысык-Көл: пара алууга шектелген прокурор 2 айга камалды

Автор -

Жети-Өгүз районунун прокурорунун 150 миң сом пара алып жатканда кармалганы айтылган ага жардамчысы Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен 22-июлга чейин камакка алынды, деп жазат «Азаттык».

Мындай чечим 24-майда чыкканын райондук соттун басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, сотко чейинки өндүрүш аяктаганча шек саналып жаткан прокурор Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалат.

Атайын кызмат Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы 22-май күнү 150 миң сом пара алып жаткан учурда колго түшкөнүн билдирген. Маалыматка ылайык, ал арыз ээсинин уулуна козголгон кылмыш иши боюнча жеңилдетилген чечим чыгарууга көмөктөшүү үчүн андан 2 миң доллар талап кылган.

Бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Жазык кодексинин «Пара талап кылуу» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Бөлүшүү