Министрлик: Коронавирустан өз алдынча дарыланбагыла! Оору күчөп кетет

Автор -

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев элди өз алдынча дарыланбоого чакырды.

Анын айтымында, учурда калк арасында өз алдынча үйдөн дарыланып жаткан учурлар кездешүүдө.

«Өз убагында дарыгерге кайрылбай, ар кандай булактардан кеп-кеңеш угуп, үйдөн дарылануу туура эмес. Себеби илдет кабылданып, күчөп кетет. Мындан улам, реанимацияга жаткандар да бар. Кандайдыр бир оорунун белгилери чыга турган болсо, сөзсүз медициналык мекемеге кайрылуу зарыл», — деп белгиледи министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Бөлүшүү