Улуттук банктын бир кызматкеринен коронавирус аныкталды

Автор -

Улуттук банктын бир кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов онлайн маалымат жыйынында билдирди.

«Учурда биздин кызматкер ооруканада дарылануудан өтүп жатат. Берилген алгоритмге ылайык, ал адам менен байланышта болгон 40 адам үй карантинине алынды. Баары тең ПЦР-анализ тапшырышкан. Жыйынтыгында банктын башка кызматкерлеринен вирус тастыкталган жок», — деди Толкунбек Абдыгулов.

Бөлүшүү