Жалал-Абадда депутаттын агасын атып кетишти

Автор -
472

Жалал-Абад шаарынын тургуну, 43 жаштагы Сапар Аканов алты жеринен жараат алып, облустук клиникалык ооруканасында жатат. Бул тууралуу оорукананын сынык-жараат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Тайланов билдирди, деп жазат «Азаттык».

Анын абалы орточо деп бааланууда.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, окуяга байланыштуу Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен сотко чейинки тергөө башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Окуя 26-майдын түнүндө шаардын Спутник кичи шаарчасында болгон. Акановду 20-25 жаштардагы эки киши травматикалык тапанча менен атып, качып кеткен. Учурда кылмыштын бетин ачуу максатында тергөө тапшырмасы берилип, ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.

Сапар Аканов — Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Акановдун агасы. Бир туугандар алыш күрөшү боюнча буга чейин дүйнө чемпиону аталган.

Былтыр май айында Сапар Аканов менен бирге жүргөн балдардын бирин кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыш тобуна мүчө сузактык “Чач” жана каракөлдүк “Жон” аттуу каймана аты бар адамдар сабап кеткени айтылган. Жабырлануучу мурда ички иштер органынын атайын багыттагы отрядында иштеген.

Бөлүшүү