Ысык-Көл облусунда үй карантиндин эрежелерин бузгандыгы үчүн үч адам обсервацияга алынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
- 1994-ж.т. Соль-Илецктен келген жаран 19-майда үй карантинге алынган. 22-24-майда үй карантин шартын бузуп, Түп айылында бир нече жерге барган.
- 1993-ж.т. Москвадан келген жаран 22-майда үй карантинге алынган. 24-26-майда Жаңы-Арык айылын кыдырып жүргөн.
- 1995-ж.т. Санкт-Петербургдан келген жаран 18-майда үй карантинге алынган. 25-26-майда Дархан, Саруу, Кызыл-Суу айылдарына жана Каракол шаарына барып келген.
Учурда үй карантинин бузган бардык жарандар обсервацияга алынды.