«Чоң казат» кыймылынын мүчөсү Канат Хасановду ИИМге суракка чакырышты

Автор -

«Чоң казат» кыймылынын лидерлеринин бири Канат Хасановду ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырышты. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, суракка чакыруу кагазын ал бүгүн, 28-майда алган. Аны мекемеге күбө катары чакырышкан.

«Мени 264-берененин 3-бөлүгү менен күбө катары сурашты. Сыймык Жапыкеев тууралуу 1-2 суроо беришти. Калган суроолору «Чоң казат» боюнча болду. «Эмне болуп атат, кандай болуп атат» деп абдан кызыгуу менен сурашты. Бул менин оюмча, сурак эмес, маалымат алуу катары болду. Бүгүн саат 17:00гө кайра суракка чакырышты», -деп билдирди Хасанов.

Эске сала кетсек, «Чоң казаттын» лидерлери  депутат Жумалиевди мыйзамсыз баюуга айыптап чыгышкан. Эл өкүлү алардын бири Сыймык Жапыкеевди үстүнөн милицияга арызданган. Ал өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн кадыр-баркына доо кетип жатканын айтып, Жапыкеевден кенемте катары 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Каржы полиция депутаттын мүлкүн текшерип, ага жана анын туугандарына таандык болгон мүлктөрдү аныктаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү