Нарын облусунда оорукана жетекчилери кызматтан алынды

Автор -

Нарын облусундагы Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Муратбек Алияскаровго сөгүш жарыяланып, саламаттыкты сактоо боюнча облустун координаторунун функционалдык милдеттерин аткаруу алынды, деп билдиришти Республикалык штабдан.

Мындан тышкары, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору Айбек Койчуманов иштен кетирилди. Анын милдетин Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын клиникалык-диагностикалык иштер боюнча башкы дарыгеринин орун басары Бакыт Тологонов убактылуу аткармай болду.

Ал эми Нарын облусуна иш сапары менен жиберилген Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматовага 2020-жылдын 28-майынан тарта атайын буйрук чыкканга чейин саламаттык сактоо боюнча облустун координаторунун милдеттерин аткаруу ыйгарылды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү