Калича Умуралиева пара менен кармалды, -ЖМК

Автор -

УКМК кызматкерлери «Шаардык парктар» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиеваны кармашты. Бул тууралуу күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып, АКИpress жазып чыкты.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, ал бүгүн, 28-майда, 80 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

«Окуянын чоо-жайы такталууда», -деп жазат АКИpress.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү