Аргентинада кылмышка күбө болгон попугай сотто көрсөтмө берет

Автор -

Аргентинада ээсинин киши колдуу болуп өлгөнүн көргөн попугай сотто көрсөтмө бермей болду, деп жазат Daily Mail.

Буэнос-Айрестин прокурорлору 46 жаштагы аргентиналык аялдын зордукталып, кийин өлтүрүлүшү боюнча ачылган кылмыш ишинде курмандыктын попугайынан алынган далилдерди колдонууну чечишти. Попугай 2018-жылы өлтүрүлгөн Элизабет Толедонун акыркы сөздөрүн кайталаган.

Аргентиналык аялдын зордукталып, өлтүрүлүшүнө анын бөлмөсүн ижарага алып жашаган 3 эркектин экөөсүн шектеп жатышат: 51 жаштагы Мигель Сатуриньо Ролон менен 62 жаштагы Хорхе Рауль Альварезди.

Бул иш боюнча алынган далилдердин бири катары полиция попугайдын Толедонун өлүмүнөн кийин айткан:«жок, суранам, мени кое бергилечи» деген сөзүн кошту.

Ошондой эле маркумдун кошунасы канаттуунун: «Эмне мени чаптың» деп айтканын уккан.

Полиция попугай ээсинин акыркы сөздөрүн кайталап жатат деп эсептейт. Ошондой эле айыптоочу тарап Толедонун билегинде калып калган тиштин изине таянууда, ал из Ролондун тиштеринен түшкөн изге туура келет. Андан тышкары, курмандыктын денесинен экинчи шектүүгө тиешелүү ДНК-үлгүлөрү табылган.

Бөлүшүү