Калича Умуралиеванын пара менен кармалганы чындыкка дал келбейт

Автор -

«Шаар парктары» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева кармалган жок, анын үстүнөн кылмыш иши козголду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу «Наше право» коомдук фондунун өкүлү Светлана Антропова Facebook баракчасында билдирди.

Анын айтымында, Умуралиева УКМКда күбө катары сурак берди.

«Урматтуу достор! Калича Умуралиева кармалган жок, ага карата кылмыш иши козголгон жок жана ал күбө катары түшүндүрмө берди. «Пара» деп айтылган акчалар түзүлгөн келишимге ылайык «Шаар парктары» муниципалдык ишканасынын кассасына төлөнгөн. Төлөмдүн дүмүрчөгү бар», — деп жазган Светлана Антропова.

Ага улай эле Умуралиева да социалдык баракчасына кыскача билдирүү калтырды.
«Мен үйдөмүн. Баарыңыздарга ишеним артып, колдогонуңуздар үчүн рахмат! Сейил бактардагы соода-сатыктарды токтотоюн, мыйзам жолуна коёюн деген элем», — деп жазган аткаминер. 

Эскерте кетсек, кечээ кечке маал жергиликтүү басылмалар Калича Умуралиеваны УКМК кызматкерлери пара алганы үчүн кармап кеткенин жазып чыгышкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү