Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети бүгүн, 9-июнда Орусиянын Кант шаарындагы авиабазасы боюнча макулдашуунун айрым пункттарын өзгөртүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду, деп жазат «Азаттык».
Талкуу учурунда комитет төрагасы, депутат Исхак Пирматов бул келишим боюнча түшүнбөстүктөр болуп жатканын, базанын Кыргызстандын коопсуздугу үчүн мааниси чоң экенин билдирди. Ал Орусиянын КМШдагы башка өлкөлөрдөгү аскер базаларына акы төлөнбөй турганын эске салды. Келишим күчүнө кирсе базанын аянтынын кеңейишинин эсебинен Кыргызстанга жылына 291 миң доллар төлөнөрүн айтты.
Протокол эки өлкөнүн парламенттери ратификациялагандан кийин күчүнө кирет. Эреже боюнча эми маселе жалпы сессияда каралышы керек.
Мыйзам долбоору буга чейин аталган комитеттин күн тартибинен үч ирет киргизилип, кайра алынган. Буга долбоор боюнча өкмөттүн так маалыматы жок деген жүйө айтылган.
Долбоор Жогорку Кеңештин 4-июндагы сессиясына киргизилип, бирок каралган эмес. Буга мыйзам долбоорундагы учуу-конуу тилкесине байланышкан маселе себеп болгон. Анда Орусия Канттагы базанын учуу-конуу тилкесин оңдой турганы жана ал орус тараптын менчигине өтөрү жазылган. Ушундан улам айрым депутаттар «жер Орусияга өтүп жатат» деп тынчсызданышкан.
Ал эми Башкы штаб Орусияга жер берилбей турганын, келишим аяктагандан кийин сөз болуп жаткан тилкеге Кыргызстан ээлик кыларын билдирип жатат.
2-июнда Башкы штаб инвентаризациянын жыйынтыгында Орусия 58,32 гектар ашык жерди колдонуп келгени аныкталганын билдирген. Буга байланыштуу жана учуу-конуу тилкелерин оңдоо максатында 2012-жылы кол коюлган макулдашууга өзгөртүү сунушталып жатканын айткан.
Башкы штабдын билдирүүсүндө, орус тарап мурда жердин ижара акысы үчүн жыл сайын 4 млн. 502 миң доллар төлөсө, протокол күчүнө киргенден кийин 4 млн. 794 миң доллар төлөй баштайт.